КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАсы "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКАСЫ: 2020-2021-ЖЫЛДАРЫ БИЗДИ ЭМНЕ КҮТҮП ТУРАТ?" - ДЕГЕН ТЕМАДА ВЕБ-КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРДҮ

26.05.2020

Конференциянын максаты: пандемия жана андан кийинки шарттарда Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн кризиске каршы чараларды иштеп чыгуу.

Конференцияга белгилүү окумуштуулар - экономисттер, бизнес чөйрөсүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Акматалиев А.А., профессор, КРПМБАнын ректору; Кожошев А.О., экономика илимдеринин доктору, профессор, КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы куттуктоо сөзү жана баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.

Баяндамачылар:

Элебаев Нурбек Беккулович, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКнын Директорлор кеңешинин экс-төрагасы, илимдин кандидаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти "Ушул кризисте бизнести жана калкты колдоо боюнча чаралар суроо-талапка жана сунушка багытталышы керек" - аттуу темада баяндама жасады.

Абдиева Адиля Ильясбековна, экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу КРПМБАнын "Экономика жана менеджмент" кафедрасынын жетекчиси, "Экономиканын учурдагы абалынын айрым аспектилери: негизги басымдар жана аны жандандыруу боюнча сунуштар" - аттуу темада баяндама жасады.

Исанов Алмаз Насирдинович, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору

Талкууга активдүү катышкан: экономика илимдеринин доктору, профессор Акназарова Роза Корчубековна, Абдиев Илимбек - Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Жүк ташуучулар жана логистика ассоциациясынын төрагасы, доцент Шабданалиев Темирбек Мусаевич пандемияга байланыштуу транспорт жана логистика тармагын мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча өзүнүн сунуштарын жөнөттү.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү боюнча бир катар антикризистик чаралар сунушталды, алар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.