КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

АКАДЕМИЯ МЕНЕН ХЗФДУ БИРГЕЛИКТЕ БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МАГИСТРАНТТАРЫ, БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА ДОСТОРУ ҮЧҮН БИР КАТАР ВЕБИНАРЛАРДЫ ӨТКӨРҮП ЖАТАТ!

22.05.2020

Академия Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын магистранттары, бүтүрүүчүлөрү жана достору үчүн бир катар вебинарларды өткөрөт.

Вебинарлар "Мамлекеттик башкарууда долбоордук менеджмент" (долбоорду башкаруунун жалпы сереп курсу) темасына арналган.

Машыктыруучу Анар Сатыбалдиновна Есенгелдина, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын Колдонмо изилдөө жана эл аралык өнөктөштүк борборунун башчысы.

2020-жылдын 22-майындагы вебинарда катышуучуларды Академиянын проректору А.Баймулдинова, Борбор Азиядагы Ханна Зайдель фондунун башчысы Макс Георг Майер тосуп алышты.

Академиянын профессордук-окутуучулук курамы Төрөгелдиева Б.М., Арапова Э.Б., Жолонбаева А.Ж.магистранттар жана бүтүрүүчүлөр менен бирдикте вебинарларга активдүү катышышты.