КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН СИМПОЗИУМ "ЖАҢЫ КЫРДААЛДА ВЬЕТНАМ ЖАНА ЕАЭБ АРАСЫНДАГЫ ТОВАРЛАР ЖАНА КЫЗМАТТАР СООДАСЫ"

20.05.2020

2020-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) "Жаңы контекстте Вьетнам менен ЕАЭБдин ортосундагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн соодасы" деген темада Эл аралык онлайн симпозиумга катышты.

Иш-чара Улуттук экономикалык университетинин демилгеси менен (Ханой, Вьетнам) өттү.

Симпозиумга Вьетнам, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларуссиядан элүүгө жакын окумуштуулар жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Академия иш-чаранын биргелешип уюштуруучусу болгон.

Пленардык жыйында академиянын проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Баймулдинова Анара Токталиевна куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Академиядан экономика илимдеринин доктору, профессордун м.а. Токтобекова Майрамкул Акматбековна "Эркин соода аймагын түзүү шартында ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүү" деген темада доклад жасады.

Симпозиумдун негизги максаттары - Вьетнам менен ЕАЭБдин окумуштууларынын ортосунда илимий маалымат жана изилдөө жыйынтыктары жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, ошондой эле Вьетнамдагы жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү институттардын, университеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.