КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КАМЧЫБЕКОВ ТОЛОБЕК КАДЫРАЛИЕВИЧТИН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

17.05.2019

КАМЧЫБЕКОВ ТОЛОБЕК КАДЫРАЛИЕВИЧТИН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН "АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮНҮН ВЕКТОРУ: ЧЫНДЫКТАР ЖАНА ПРОСПЕКТИВДЕР" АТТУУ ТЕМАДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) жетекчилиги проректор К.Б.Базарбаев, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, саясий технологиялар, менеджмент жана экономика" программалар аралык бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Жапаров коомдук жана илимий ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевичтин 70 жылдыгына арналган "Аймактарды өнүктүрүүнүн вектору: чындыктар жана келечек" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференция Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты - Борбордук Азия чөлкөмүнүн, КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы илимпоздорунун илимий идеялары жана билимдери менен алмашуу, изилдөөчүлөр үчүн диалог аянтчасын түзүү, экономикалык сектордун көйгөйлөрүн жана региондук өнүгүү келечегин талкуулоо.

Пленардык жыйында КРПМБАнын проректору К.К.Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты А.У.Жапаров жана башка Кыргыз Республикасынын коомдук ишмерлери куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында профессор К.Ш.Токтомаматов атындагы инновациялык санариптик технологиялар борборунун ачылышы болду. Бул борборго көрүнүктүү кыргыз окумуштуусу, экономика илимдеринин доктору, профессор К.Ш.Токтомаматовдун ысымы берилди, ал ошол эле учурда күндүн каарманы Т.К.Камчыбековдун жакын санаалашы болгон. Борбор эл аралык конференцияларды онлайн форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген акыркы технологиялар менен жабдылган.