КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын МУГАЛИМДЕРИ ӨЗҮНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ВИДЕО САБАКТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

14.05.2019

     2019-жылдын 14-15-майында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА), КРПМБАнын окутуучулары үчүн практикалык семинар болуп өттү. Бул семинар Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондусунун каржылык колдоосу менен уюштурулган, машыктыруучу Германиядан чакырылган сертификатталган психолог, бизнес жана жогорку билим берүү жаатында тажрыйбасы мол компетенттүүлүктү башкаруу боюнча эксперт Карстен Мертенс мырза болгон.

Семинардын максаты - "аралаш окутуу" жана "окутууну башкаруу тутумун" киргизүү аркылуу окутуу процессин жаңылоо, атап айтканда, көрсөтмө видеотасмаларды колдонуу, ошондой эле мугалимдер "дидактикалык" жана "техникалык" өзүлөрүнүн көрсөтмө видеолорун кантип түзө алары жөнүндө маалымат менен тааныштыруу.

Тренингде мугалимдер окуу видеотасмаларын түзүү процесси менен кеңири таанышып чыгышты жана практикалык семинардын аягында ар бир мугалим стандарттык темалардын бири боюнча өзүнүн окуу видеосун даярдап, кийинчерээк практикалык иште колдонсо болот.

Тренинг аяктагандан кийин мугалимдерге сертификаттар тапшырылды.

Маалымат үчүн:

Карстен Мертенс мырза Германиядагы Бремен университетин “Психология” адистиги боюнча аяктаган. Ал жеке өсүш боюнча машыктыруучу. Ал Сименстин бир нече бөлүмдөрүндө иштеген, ар кандай компаниялар үчүн бизнес-консультант жана машыктыруучу болгон.

Кесиптик карьерасында ал KAIZEN япониялык менеджментти жана лидерликти киргизүү аркылуу компанияны жана персоналды натыйжалуу өнүктүрүү тутумдарын ийгиликтүү ишке ашырды.