КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын мамлекеттик катчылары мене

19.03.2019

     2019-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (КР МКК) менен бирдикте, мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен жолугушуп, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун максаты - санариптештирүү жаатында мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө, КРПМБА жана КР МККнын кызматкерлери санариптештирүү жаатында мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана ага байланыштуу иштер боюнча алдыда жүргүзүлө турган иштер жөнүндө маалымат беришти. Тактап айтканда, КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А. Мамлекеттик кызматчылар санариптик билимге үйрөнө турган, өлкөбүздүн санариптештирилиши жөнүндө Президенттин Жарлыгын жайылтуу жана жүзөгө ашыруу максатында уюштурулган КРПМБАда Санариптик билим берүү технологиялары борборунун ачылышы жөнүндө кыскача айтып берди. Ошондой эле Тарбинский О.С. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары мамлекеттик кызмат тутумун өркүндөтүүгө багытталган жаңы мыйзамды кабыл алуу маселесине токтолду.

Ошондой эле КР МБКнын электрондук башкаруу департаментинин башчысы Шаршенова И.Ж. электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүн "eKyzmat" ААИСке кошуу жөнүндө айтып, катышуучулардан бул процессте активдүү катышууну өтүндү.

Иш-чаранын аягында жолугушуунун катышуучулары Академиянын жетекчилигин жана КР МККнын өкүлдөрүн кызыктырган суроолорун беришти.