КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРнын билим жана илим Министри Исаков К.А. менен видеоконференция болуп өттү

02.06.2020

2020 - жылдын  2 – июнунда  Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министри Исаков Каныбек Абдуваситович менен видеоконференция болуп өттү.

Видеоконференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчилиги жаңы түзүлгөн жана заманбап техника менен жабдылган Видеоконференциялар Борборунан байланышка чыкты жана ошондой эле Республикабыздагы баардык жогорку окуу жайлардын ректорлору катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө окууну жана мамлекеттик аттестациялык экзамендерди дистанттык түрдө уюштуруу  жана абитуриенттерди онлайн түрүндө кабыл алуу жөнүндө сөз болду. Министр баардык ректорлордон бул жооптуу учурда уюшкандыкты жана тартипти камсыз кылууну талап кылды.