КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБА А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда ачык сабак болуп өттү

15.04.2019

2019-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда кыргыз тилин өнүктүрүү максатында каралган иш пландарга ылайык Бух-1-17 группасынын окуучуларына кесиби боюнча “Негизги каражаттардын амартизациялоонун бухгалтердик эсеби” атту темада ачык сабак болуп өттү.

Сабак өтүүдө студенттердин окуп үйрөнүү ишмердигин уюштуруу, инновациялык усулдары колдонулду. Балдар теориялык жана практикалык өздөштүрүүсү, билими жогору дэңгээлинде экенин көрсөтө алышты. Балдардын экономикалык терминдерди кыргыз тилинде айтып, эсептерди чыгарып, сабакка кызыгуу менен катышып жана билимге болгон умтулуусун көрсөткөнү жагымдуу таасир калтырбай койгон жок десек болот.

Алдыда билимдүү жаш муун өсүп келе жатканын көрүп, ага биздин финансылык-экономикалык техникумунун мугалимдеринин салымы зор экенин белгилеп кетишибиз керек. Бул ачык сабакка катышып отурган мугалимдер, Академиянын өкүлдөрү балдарга жана мугилимине ыраазычылыгын билдирип  эң жакшы деген баа коюлуп жаш мугалимге жана окуучуларына ийигилик каалай кетишти.

Айта кетчүү нерсе бул техникумда кыргыз тили боюнча олимпиада, “Менин кесибим – менин тандоом” аттуу тегерек үстөл, ачык сабактар жана башка иш чаралар кыргыз тилинде өткөзүлүп турат.