КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда кайтаруу миграция темасындагы окуу курсунун жыйынтыгы менен сертификат тапшыруу аземи болуп өттү

12.04.2019

КРПМБАда кайтаруу миграция темасындагы окуу курсунун жыйынтыгы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү

 

2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тренинг 8-12-апрелге чейин өткөрүлүп Миграция боюнча эл аралык уюм, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) миграция боюнча агентствосу, “Азиадагы миграция боюнча аймактык программа” долбоору, АКШ Мамлекеттик департаментинин калк, качкындар жана миграция Бюросунун каржылоосу менен уюштурулган.

Бул долбоордун максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайтаруу миграция темасындагы окуу курсун иштеп чыгуу жана пилоттук негизде өткөрүү. Айта кетчү нерсе бул долбоор Борбор Азия боюнча биринчи жолу өтүүдө.

Тренинге Кыргызстандан, Казахстандан, Таджикистандан, Туркменистандан, Россиядан, Узбекистандан келген эксперттер жана тажрыйбалуу мугалимдер катышышты.