Баткен облусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн курс жыйынтыкталууда
10.06.2026
Мамлекеттик заказдын алкагында 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык, 1-июнунан 10-июнуна чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен институтунун базасында Баткен облусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн "Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана башкы топтогу кызмат ордуна дайындалган кызматчылар үчүн кайра даярдоо" курсу жыйынтыкталууда. Курсту өтүүгө КРПМБАнын тренери Курманова Гулназ Сейитказиевна тартылып, бекитилген программага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга оратордук чеберчилик, мамлекеттик башкаруудагы санариптик көндүмдөр жана санариптик сабаттуулук (маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект), киберкоопсуздук, мамлекеттик кызматтын психологиясы, этикасы жана маданияты, каржылык-экономикалык сабаттуулук, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы HR-менеджмент, командалык духту калыптандыруу ыкмалары, долбоордук башкаруу, тайм-менеджмент жана амлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумуна Кайдзен принциптерин киргизүү боюнча кеңири маалыматтар берилүүдө.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

