КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуунун куралы катарында" курсу өткөрүлүүдө

27.04.2026

Мамлекеттик заказдын алкагында 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык, 20-апрелинен 25-апрелине чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен институтунун базасында Баткен облусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги долбоордук мамиле. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуунун куралы катарында" курсу өткөрүлүүдө.

Тренер/окутуучу катары экономика илимдеринин кандидаты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын доценти Осмонбетова Венера Кубанычбековна тартылып, бекитилген программага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар:

  • мамлекеттик сектордогу долбоорлордун жашоо циклы жана стандарттары;
  • инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн колдонулган дүйнөлүк моделдер, тиешелүү мыйзамдар жана ченемдик актылар;
  • мамлекет менен жеке өнөктөштүн ортосундагы жоопкерчилик жана долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо боюнча маалыматтарды алууда.