КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ – АКИМДЕРИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ (14-апрель)

15.04.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы 2026-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказдын алкагында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары боюнча экинчи күнү программага ылайык башталды.

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын жүрүшүндө:

  • КР Финансы министрлигинин бөлүм башчысы Д.Н.Искандаров – “Өнүгүүнүн финансылык инструменттери: программалык негизде бюджеттер аралык максаттуу трансферттердин практикасы; жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо; инвестициялар; бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү”;
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын президенти А.М. Мамбеталиева – “Туризм жергиликтүү экономиканын кыймылдаткычы катары: туризмди жергиликтүү деңгээлде илгерилетүү”;
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Н.Р Сооронова “Жер мыйзамдары – жергиликтүү деңгээлде колдонуу”;
  • КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкы башкармалыгынын начальниги А.Ж. Бариева «Жашыл» экономика жана региондордун климаттык туруктуулугу: чакырыктар жана башкаруу чечимдери”;
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы С.Н. Туйгунова “Жергиликтүү жамааттардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук уюмдар жөнүндө маалымат берүү ("Аксакалдар соту жөнүндө", "Жамааттар (общиналар) жана алардын бирикмелери жөнүндө" мыйзамдары)”;
  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын социология илимдеринин кандидаты, доцент М.Ж.Окенаева “Конфликти башкаруу”;
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Мониторинг жана мыйзамдуулуктуу көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Н.К.Джомартова “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү: укуктук жөнгө салуу, практика жана район акимдеринин башкаруу компетенциялары”;
  • Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал чарба жана ветеринария башкармасынын начальниги У.А. Мырзакматов, өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Т.А. Идрисов – “Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар” аттуу темаларда баяндамалар жасалып жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен биргеликте кызыктуу талкуулар жана программадан сырткары кошумча суроолор жаралып Академиянын уюштуруучуларына мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тиешелүү өкүлдөрү чакырып берүү сунуштарын билдирип өтүнүштү.

Талкуу жараткан маселелер боюнча Академиянын аталган иш-чаранын уюштуруучулары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн чакырууга кат жөнөтүштү.