ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ – АКИМДЕРИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ (13-апрель)
13.04.2026
ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ – АКИМДЕРИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ (13-апрель)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында 2026-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказдын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында 2026-жылдын 13-апрелинен 16-апрелине чейин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курсунун ачылышын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Э.Н. Джантаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.М. Калчакеева жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын биринчи проректору У.Ш. Айтбаев ачып беришип сөз сүйлөштү. Программага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курсунун биринчи күнүндө:
-
КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын сектор башчысы И.А. Айсариев – “Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформалардын жыйынтыктары жана практикалык аспекттери”;
-
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигининен:
-
Б.З.Садирова – “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (ММБР). Жеке турак жай куруу (ЖТЖК) жана “Региондорду санариптештирүү: «Санарип аймак» системасынын мүмкүнчүлүктөрү”. Кадр саясатындагы санариптик чечимдер: «E-Kyzmat» системасын киргизүү жана колдонуу”;
-
Н.А. Абдраимов – “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны: ченемдик жөнгө салуу, тажрыйба жана өнүгүү келечеги”;
-
К.Акимова “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби”;
-
КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперти А.Ч. Буржуев – “Заманбап санариптик тренддер – жасалма интеллект, учкучсуз транспорт, санариптештирүү”;
-
КР Президентинин Администрациясынын эксперти А.Ж.Сырдыбаев – “Кыргыз Республикасы үчүн туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана эл аралык уюмдардын тышкы жардамы”;
-
КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Н.Б. Момункулова жана аймактык долбоорлорду координациялоо жана таяныч шаарларды өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси – А.К. Табылдиева – “Аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн заманбап принциптери: – Аймактарды өнүктүрүүнү комплекстүү көп деңгээлдүү пландаштыруу механизмдери; – Аймактарды өнүктүрүүнү мейкиндиктик пландаштыруу”;
-
КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперти Атай Самыйбек уулу – “Урбанистика өсүштүн тирек чекиттерин өнүктүрүүнүн драйвери катары” аттуу темаларда баяндамалар жасалып жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен биргеликте кызыктуу талкуулар жаралып суроо-жооптор менен коштолду.
Аталаган жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары 16-апрелге чейин улантылмакчы.










