КРПМБАда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдер үчүн окутуу башталды
14.04.2026
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы 2026-жылга карата мамлекеттик заказды аткаруунун алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды. Окутуу 2026-жылдын 13–16-апрель күндөрү өтүп 4 күнгө созулат.
Алгачкы окуу күнүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана Академиянын ректору Айгюль Муратовна Калчакеева ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Биринчи этапта Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тагыраагы 22 аким квалификациясын жогорулатат. Ал эми Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн окутуу 2026-жылдын 20–23-апрель күндөрүнө пландалган.
Окутуунун негизги максаты – мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана жергиликтүү жетекчилердин кесипкөйлүгүн, башкаруучулук жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Окуу программасынын алкагында жергиликтүү башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап багыттары каралууда.
Тактап айтканда, административдик-аймактык реформанын практикалык аспектилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саясатынын укуктук негиздери жана өнүгүү келечеги талкууланууда. Ошондой эле региондордун санариптик трансформациясы, «Санарип аймак» системасынын мүмкүнчүлүктөрү, кадр саясатына санариптик чечимдерди киргизүү маселелери өзгөчө көңүл борборунда. Мындан тышкары, заманбап технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин жана, туризмди жергиликтүү экономиканын кыймылдаткычы катары өнүктүрүү, «жашыл» экономика жана климаттык туруктуулук маселелери боюнча да актуалдуу темалар камтылган.
Ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун стратегиялык мааниси, бюджеттер аралык максаттуу трансферттердин практикасы жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик колдоо сыяктуу каржылык инструменттер боюнча практикалык билимдер берилет.












