Аймактарды өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу
27.03.2026
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025 - жылдын 26 - сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) 2026 - жылга Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында бекитилген План-графикке ылайык, 2026-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин Кара-Балта шаарындагы Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында «Аймактарды өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү. Жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү.
Курстун окутуучусу: саясий илимдердин кандидаты, доцент Нурматова Гүлсайра Асановна болду. Окуу курсуна 15 угуучу төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан келип катышышты:
- Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтү,
- Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл районундагы башкармалыгы,
- Чүй облусунун Жайыл районунун Ынтымак айыл өкмөтү,
- Чүй облусунун Москва районунун Нарзан айыл өкмөтү,
- Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы,
- Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтү.
Курстун максаты региондук өнүгүүнү стратегиялык пландаштыруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүү, жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу, аймактык ресурстарды талдоо, максаттарды түзүү боюнча практикалык көндүмдөрдү алуу, ошондой эле мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо куралдарын өздөштүрүү болгон.
Улуттук жана жергиликтүү артыкчылыктарды эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программаларын иштеп чыгуу ыкмалары, ошондой эле муниципалдык ресурстарды жана инвестициялык долбоорлорду башкаруу куралдары изилденди.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

