КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Коррупцияга каршы мамлекеттик саясаты” окуу курсу

23.03.2026

Мамлекеттик заказдын алкагында 2026-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн окутуу курстарын бекитилген план-графигине ылайык, Ысык Көл мамлекеттик университетинде 2026-жылдын 16-мартынан 19-мартка чейин “Коррупцияга каршы мамлекеттик саясаты” окуу курсун өткөрүлдү.

Тренер/Окутуучу Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу Ч.К.Сооронбаева.-“Азыркы этапта коррупция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ар кандай деңгээлде кеңири жайылган эски көйгөй болуп саналат жана жалпысынан коом жана мамлекет үчүн эң кооптуу көрүнүштөрдүн бири болуп кала берет. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Коррупция уюшкан кылмыштуулуктун активдүү күчөшүнө, коррупциялашкан чиновниктердин криминалдык түзүмдөр менен биригишине алып келет, бул азыркы коом үчүн реалдуу коркунуч жаратат”.