КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Эл аралык илимий-практикалык конференция

01.07.2025

2025-жылдын 27–29-июнь күндөрү Чок-Тал айылынын кооз жаратылыш койнунда, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын пансионатында «Конституциялык окуулар: постсоветтик мамлекеттердеги социалдык укуктук мамлекеттин конституциялык концепциясы: теория жана практика маселелери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө арналган.

Конференциянын негизги максаты — постсоветтик мейкиндиктеги конституциялык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн илимий чөйрөнүн, практиктердин жана эксперттердин башын бириктирүү болду. Катышуучулар социалдык укуктук мамлекетти куруунун теориялык негиздерин жана практикалык тажрыйбаларын кеңири талдоого алышты.

Конференциянын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы

  • Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институту

  • «Кыргызстан юристтери» ассоциациясы

  • Кыргыз Республикасындагы IPCHAIN ассоциациясынын өкүлчүлүгү

  • Кыргызстандын социалдык иш мектептеринин ассоциациясы

  • Ош мамлекеттик университети

Конференциянын алкагында пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана талкуу панелдери өткөрүлүп, КМШ мамлекеттеринин академиялык жана юридикалык чөйрөсүнүн өкүлдөрү өз ара тажрыйба алмашууга активдүү мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чара профессионалдык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп, постсоветтик мамлекеттердеги конституциялык идеяларды өнүктүрүүгө жана укуктук институттарды чыңдоого салым кошту.