КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Коррупцияга каршы форум

30.06.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо маселелерин изилдөө боюнча Борбордук Азия институту Коррупцияга каршы форумду өткөрүштү.

 

2025-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарындагы «Ramada» мейманканасынын конференц-залында «Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» деген темада Коррупцияга каршы форум болуп өттү. Иш-чара Коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо маселелерин изилдөө боюнча Борбордук Азия институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте, ПРООНдун колдоосу менен уюштурулду.

 

Форумга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик жана жарандык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

 

Академиянын ректору Айгүл Калчакеева куттуктоо сөзүндө туруктуу антикоррупциялык маданиятты калыптандырууда билим берүү жана изилдөө ыкмаларынын маанилүүлүгүн белгиледи:

 

«Академия билим берүү борбору гана болбостон, коррупцияга каршы демилгелерди жайылтуу үчүн активдүү аянтчага айланууда. Өнөктөштөр менен биргеликте биз иш жүзүндө натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууга жөндөмдүү адистердин жаңы муунун даярдап жатабыз», — деди ректор.

 

Форумдун алкагында мамлекет менен коомдун стратегиялык өз ара аракеттенүүсү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу механизмдери, ошондой эле жер-жерлерде коррупциянын алдын алуу боюнча реалдуу демилгелер талкууланды.

 

Иш-чаранын өзүнчө блогу Академиянын «Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү» программасынын магистранттарынын демилгелерин сунуштоого арналды. Жаш изилдөөчүлөр архитектуралык, социалдык жана парламенттик чөйрөлөрдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган демилгелерди сунушташты.

 

Форум мамлекеттик түзүмдөр менен жарандык коомдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана жыйынтыктыгын чыгаруу менен аяктады.