КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Нижнетурин шаардык округунун окулдору менен жолугушу

30.05.2025

2025-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, философия илимдеринин доктору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Нижнетурин шаардык округунун башчысы Постовалов Андрей Александрович менен жолугушту.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар башкаруучу кадрларды даярдоо, муниципалдык жана мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана маданий демилгелерди ишке ашыруу боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Башкарууну санариптештирүү, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жаштар программаларын өнүктүрүү жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Академиянын ректору замандын чакырыктарына натыйжалуу жооп бере ала турган жаңы лидерлерди даярдоодо эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Академия менен Нижнетурин округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде эксперттик семинарларды, стажировкаларды жана мамлекеттик башкаруу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду өткөрүү макулдашылды.

Жолугушууда Россия тараптан Нижнетурин шаардык округунун администрациясынын расмий делегациясы да катышты, анын курамына эл аралык кызматташуу, билим берүү, жаштар саясаты жана социалдык өнүгүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар баштаган диалог Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык жана кесиптик кызматташууну тереңдетүүдө бекем негиз болоруна ишеним көрсөтүштү.