КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин калыбына келтирүү: укуктук аспектилери” китебинин бет ачары

18.04.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында юридика илимдеринин доктору, Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын профессору, Азербайжандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Намик Алиевдин “Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин калыбына келтирүү: укуктук аспектилери” китебинин бет ачары болуп өттү.

Алгач Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Азербайжан жана Грузия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Осмоналиев Кайрат Медербекович  жана лектор Намик Алиевди тааныштырды.

Китептин автору Армениянын Азербайжанга каршы агрессиясынын бир катар укуктук көйгөйлөрү, бир нече кылымдар бою уланып келе жаткан армяндардын Азербайжанга болгон аймактык дооматтарынын укуктук карама-каршылыгы, ошондой эле Азербайжан өзүнүн аймактык бүтүндүгү (2020) жана толук суверенитети (2023), ыйгарым укуктарын калыбына келтиргенден кийин келип чыккан айрым укуктук маселелери тууралуу айтып берди.