КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Меморандум

16.04.2024

2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы заманбап чакырыктарга жана окутуунун актуалдуулугуна көңүл буруп, өзүнүн курстарын жана окутуучуларын тааныштырышты. Кол коюлган Меморандум тажрыйба алмашууга, жаңы программаларды иштеп чыгууга жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол ачат.