КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Тегерек стол: "Санариптештирүү шарттарында коррупцияга каршы туруу: келечеги жана тобокелчилиги".

01.04.2024

28.03.2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында ЖОЖдун "Юриспруденция" багыты боюнча студенттер үчүн "Санариптештирүү шарттарында коррупцияга каршы туруу: келечеги жана тобокелчилиги" темасында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы коррупциянын эмнеден келип чыкканын, өнүгүшүнүн түпкүрүн, статистикасы тууралуу баяндамаларын жасашты. Ар бир студент заманбап коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз идеяларын сунуш кылды, андан соң маалымат алмашуу жана сунуштар менен талкуу болду.

Бул иш-чарага Ж.Баласыгын атындагы КУУнун студенттери, Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясынын курсанттары, ошондой эле Академиянын 1-2-3- курсунун студенттери катышышты.

Тегерек столдун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, китептер белекке берилди.