КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Финансылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиада

29.03.2024

2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу борбору (ФЧМК) менен бирдикте  «Каржылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиаданы» өткөрүштү. 

Олимпиаданын максаты - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү маселелери боюнча билимдерди жайылтуу, ошондой эле: таланттуу студенттерди аныктоо, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана аларга карьералык өсүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүү; өлкөнүн таланттуу студенттеринин чыгармачылык өсүшүнө, активдүүлүгүнө жана кесиптик мобилдүүлүгүнө дем берүү.

2024-жылы Кыргызстандын 17 университетинен  томөндөгү төрт багыт боюнча билим алышкан 119 студент катышты:

• экономика, экономикалык коопсуздук;

• юриспруденция;

• эл аралык мамилелер;

• Маалыматтык коопсуздук.

Эксперттик талкуулардын алкагында укук коргоо жана текшерүү органдарынын, жеке сектордун өкүлдөрү менен дискуссиялар өткөрүлдү, анда олимпиаданын катышуучулары PFTD/LPD тармагындагы адистерге суроолорду бере алышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча катышуучулар жыйынтыктоочу тесттен өтүп, ар кандай мамлекеттик органдарда жана жеке уюмдарда (РСК жана Инвестскор) стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары, жай мезгилинде ФЧМКнын окуу борбору жайкы мектепти өткөрөт, анын жүрүшүндө он чакты жеңүүчүлөр кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча интенсивдүү окуудан өтүшөт. Окуучулардын даярдыгын аяктоо күзгү лагерде Ысык-Көлдүн  жээгинде өтөт .

2024-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын курама командасы Россия Федерациясынын Сочи шаарында Финансылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада өлкө намысын коргойт.

Маалымат үчүн: Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн 70% жеке сектордун уюмдарында, финансылык чалгындоо органдарында жана көзөмөл органдарында финансылык коопсуздук тармагында кесиптик ишмердүүлүгүн улантууда.