КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Конок лекция. Марат Макаевич Усупов.

28.03.2024

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Экономика» кафедрасынын студенттери жана «Экономика жана башкаруу» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен конок жолугушуусу болуп өттү.

Эл аралык кызматташтык боюнча лектор-эксперт, ЮНИДОнун мурдагы өкүлү (2009-2021-жж.), Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Марат Макаевич Усупов республиканын өнөр жайынын өнүгүшү, анын мааниси, Кыргызстандагы экономикалык өсүшү жана өнөр жай өндүрүшү, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн бул процесстеги эл аралык уюмдардын ролу тууралуу айтып берди.

Кафедра башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Жума кызы Раиза конок лекция Москвада КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик башкаруу академияларынын форуму өтүп жаткан  кезде өтүп жаткандыгына басым кылып мындай иш-чаралардын окуу жайда илимий диалогду жана экономикалык багыттарды өнүктүрүүгө  түрткү береерин баса белгиледи.

Мындай иш-чаралар катышуучулардын билимин байытууга гана жардам бербестен, актуалдуу маселелерди чечүүдө инновациялык ыкмаларды издөө жана маанилүү талкуулар үчүн аянтчаны түзөт. Конок лекция студенттердин экономикалык илимдерге болгон кызыгуусунун жогорку деңгээлин көрсөтүп, алардын теманы талкуулоого активдүү катышкандыгы менен ырастады.