«Бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү» темасында конок лекция
28.03.2024
2024-жылдын 28-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция» багыты боюнча 3-курстун студенттери үчүн «Укуктук маселелер» Илимий изилдөө кафедрасынын алкагында илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Коңурбекова «Бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү» темасында конок лекциясын уюштурду.. Конок лектор катары «Consigliere Group Consulting Company» ЖЧКсынын корпоративдик юристи Мустафаева Каныкей Нурлановна болду.