КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Япониянын Эл аралык университетинин профессору Фунабаши Гаку мырзанын конок лекциясы

15.03.2024

2024-жылдын 14-мартында Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Япония эл аралык кызматташтык агенттиги JICA тарабынан бул максатта атайын чакырылган Япониянын Эл аралык университетинин профессору Фунабаши Гаку мырзанын конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын жана Улуттук университеттин студенттери үчүн (алар да лекцияга чакырылган) профессор Фунабаши Япониядагы технологиялык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү жана экономиканы өнүктүрүүнүн ар кандай маселелерин чечүүдө туура менеджменттин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди.

JICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Кавамото мырза кириш сөзүндө биздин өлкөлөр менен университеттердин ортосундагы билим алмашуудагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал эми жаңы экономика боюнча илим изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов: Япониянын мамлекеттик башкаруу жана экономикалык өнүгүү тажрыйбасына кызыгыккан эң активдүү студенттер, кийин Японияга окууга барууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болоорун белгилеп өттү.