КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү: өлкөлөрдүн жана эл аралык каржы уюмдарынын тажрыйбасы” аттуу илимий-практикалык конференция

27.02.2024

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы,  «Кепилдик фонд» ААК менен биргеликте дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган “Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү: өлкөлөрдүн жана эл аралык каржы уюмдарынын тажрыйбасы” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Алгач Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович сөз сүйлөшүп ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү учурдун актуалдуу талабы экендигине токтолушту.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, эл аралык каржы институттарынын, банк тутумунун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер катышышып, Кыргыз Республикасындагы каржы инфраструктурасынын өнүгүү деңгээли, анын мындан аркы өсүү жана өнүгүү жолу жана потенциалы, массалык ишкердикти, анын ичинде стартап-долбоорлорду өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү тууралуу баяндамаларды жасашты.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жашыл каржылоо инструменттерин колдоону, акыркы технологияларды колдонуунун натыйжалуулугу, эмгек шарттарын оптималдаштыруу, жашыл жумуш орундарын түзүү, улуттук экономикада инновациялык процесстерди стимулдаштыруу суроолоруна өзгөчө көңүл бурулду.