КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Квалификация жогорулатуу

26.02.2024

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек  Үсенбековичдин 2024-жылдын 9-январындагы болуп өткөн кеңешмесинин №20-01 протоколдук тапшырмасынын 2-пунктунун 11-абзацын аткаруу максатында аймактык Жогорку окуу жайлардын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмдөрүнүн жетекчилерине семинар болуп өттү.

Семинардын ачылышында Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич сөз сүйлөдү. Семинарда: «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууда аймактык окуу жайдагы бөлүмдөрдүн орду» аттуу темада Академиянын кошумча билим берүү боюнча проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, «Финансылык отчеттуулук-жөнгө салуучу негиздер» аттуу темада Академиянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-финансы маселелери боюнча проректору Деркимбаева Асель Урусовна, жана  «2024-жылга окутууга мамлекеттик заказды ишке ашырууда отчеттуулуктун уюштуруу элементтери» аттуу темада администрлөөнүн жана башкаруунун жогорку курстарынын директору Абдыраманова Чолпон Шабданбаевна баяндама жасашты. Аталган семинарга БатГУ, ЖаМУ, ОшМУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, С. Нааматов атындагы НМУнин  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Семинардын жыйынтыгында 2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды жана курстарды натыйжалуу ишке ашыруунун уюштуруу, ошондой эле ЖОЖдун аймактардагы социалдык-экономикалык  өнүгүүдө орду абдан маанилүү экендиги белгиленди.