КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Салык мыйзамдарынын бизнести өнүктүрүүгө тийгизген таасири” темада жолугушуу

21.02.2024

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кадрларды даярдоо секторунун башчысы Түмөнбаева Элмира Сагыналиевна менен “Салык мыйзамдарынын бизнести өнүктүрүүгө тийгизген таасири” деген темада «Экономика жана башкаруу» кафедрасынын окутуучулары жана Экономика багытынын  студенттеринин катышуусунда конок жолугушуусу өткөрүлдү.

Кафедра башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Жума кызы Раиза мейманды тааныштырып жатып, мындай аянтчалардын болушу ар дайым адистиктин предметтери боюнча ачык баарлашууга, долбоорду ишке ашырууга байланыштуу кызыккан маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Эльмира Сагыналиевна Кыргызстанда жаңы Салык кодексинин иштеп жатканына бир жылдан ашканын, бирок ал белгиленген максаттарына жете электигин белгиледи. Ал электрондук накладнойлорду, электрондук эсеп-фактураларды, кассалык машиналарды жана башка көптөгөн нерселерди ишке ашырууга байланыштуу маселелерге кеңири токтолду.

Суроо-жооп учурунда Эльмира Сагыналиевна ошондой эле жаңы кабыл алынган кодекстин максаты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, салык процедураларын санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү, жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартуу экенин белгиледи. Кызыккан студенттер жана мугалимдер тарабынан көптөгөн суроолор берилди. Жолугушуу кызыктуу, эмоционалдуу, абдан жылуу  мамиледе өттү.