КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына чакыруу

19.02.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Миррадова А., Мусаходжоева Ж., Төлөнова Ж. 300 000ден ашык талапкерлердин ичинен тандалып алынып, Сочи шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына катышууга чакырылды.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы Россиянын Президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык өткөрүлө турган дүйнөдөгү эң ири жаштар иш-чарасы болуп саналат.

Фестивалга бизнес, медиа, эл аралык кызматташтык, маданият, илим, билим берүү, волонтердук жана кайрымдуулук, спорт, коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү 20 миң Россиянын жана чет элдик жаш лидерлер катышат.