КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Заманбап лидер» программасынын алкагында курстар өткөрүлдү.

26.12.2023

Үстүбүздөгү жылдын 2,5 айынын ичинде (2023-жылдын 18-сентябрынан 2023-жылдын 15-декабрына чейин) «Заманбап лидер» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 24 кесиптик лицейлердин директорлоруна, орун басарларына, резервдеги кадрларга квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү.

 Курстар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө кол коюлган Меморандумга ылайык өткөрүлдү.

Окуу планы 4 модулдан турат (ар бир модулда 4 дисциплина):

1. Билим берүү, эмгек жана башкаруу мамилелери жаатындагы мыйзамдардын негиздери.

2. Финансылык менеджмент

3. Билим берүүдөгү менеджмент: башкаруу компетенцияларын өнүктүрүү

4. Уюмдарды өнүктүрүүнүн стратегиясы жана тактикасы.

Курс башталганга чейин курстун катышуучуларына окуу планына киргизилген дисциплиналар менен тааныштыруу үчүн офлайн форматында багыт берүүчү лекциялар өткөрүлдү. Андан ары окутуу онлайн форматында жүргүздү.

Курсту өткөрүүгө академиянын жогорку квалификациялуу окутуучулары (анын ичинде 5 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты), ошондой эле тышкы эксперттер тартылган.

Курсту аяктагандан кийин катышуучулар кесиптик кайра даярдоо боюнча мамлекеттик сертификатка ээ болушту. Келечекте алар кадрдык резервге киргизилип, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилеринин кызмат ордуна конкурстук тандоого катыша алышат.