КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ жөнүндө документалдуу тасма

23.12.2023

2023 – жылдын 21 – декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине  караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз эл Баатыры Жусуп Абдрахмановдун басып өткөн  турмуштук жолундагы бир сүртүмдү чагылдырган  “ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН ТЕМИР ЖОЛУ КЫРГЫЗ ТУРКСИБ” аттуу толук метраждуу документалдуу тасмасы көрсөтүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө алгач Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, фильмдин режиссеру Сманалиев Темирбек, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Абдрахманов Астемир жана тарых илимдеринин доктору, профессор Курманов Зайнитдин Карпекович сөз сүйлөштү.