КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык  жаштар форумунун ишчарасы жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата музыкалык кече

12.12.2023

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык  жаштар форумундагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун жаштар арасында жайылтуу максатында иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө  алгач академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, КР Министрлер Кабинетинин котормо борборунун директору Абдыжапар уулу Мундузбек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тагаев Марат сөз сүйлөшүп, Президенттин жаштарга кайрылуусу көрсөтүлдү, ошондой эле Студенттер кеңешинин студенттери докладтарын окушту.

Иш чаранын экинчи бөлүгү Ч.Айтматовдун 95  жылдыгына карата уюштурулган «Аалам алпы- Айтматов» аттуу адабий - музыкалык кечеси менен коштолду.