КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Адам укуктарын коргоо күнүнө арналган конок лекция

08.12.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1 жана 2-курстарынын студенттери үчүн «Юриспруденция жана философия» кафедрасы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту менен биргеликте адам укуктарын коргоо күнүнө арналган конок лекциясын уюштурушту.

Конок лекцияны сот органдары менен иштөө жана соттук териштирүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Калчабаев Самат Маакеевич, укук коргоо жана башка органдардын камак жайларында жана башка органдарында адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо, бөлүмүнүн эксперти Доронбеков Чынгыз Дамирбекович, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында укук коргоо жана башка органдар тарабынан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Иманкулов Бахтияр Кемелович окушту.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна, Академия менен тыкыс байланышта болуп жана студенттердин билимине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.