КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Ганс Гросс криминалистикалык комплексинде» лекция-экскурсия

06.12.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Юриспруденция жана философия»  кафедрасынын 2-курсунун студенттери үчүн, «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган «Ганс Гросс криминалистикалык комплексинде» лекция-экскурсия өткөрүлдү.  Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттук-медициналык экспертизанын негизги түрлөрү, криминалистикалык жабдуулардын үлгүлөрү жана аны кылмыштарды ачууда, тергөөдө колдонуу технологиялары менен таанышышты. Ошондой эле, алган билимдерин бекемдөө максатында окуучулар кылмыш болгон жерди тинтүү оюнун ойношту. Баардык катышуучулар экскурсия абдан кызыктуу болгонун белгилешти.