КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү старт алды

24.11.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн «Мамлекеттик башкарууда жалпы билим берүү тармагындагы жетекчилердин учурдагы кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү» темасында Россия Эл чарба академиясынын жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызматтардын квалификациясын жогорулатуу программасына ылайык 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү старт алды.

Академиянын проректору Адиля Ильясбековна Абдиева алгач сөз сүйлөп, бул курстун маанилүүлүгүн баса белгилеп,  курстун лектору катары Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Жанна Валерьевна Подковыркинаны тааныштырды.