КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тестирлөөгө жана аттестациялоого даярдоо курсу!

10.11.2023

ЖАРЫЯ!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тестирлөөгө жана аттестациялоого даярдоо!

Сиз мамлекеттик (муниципалдык) кызматка кирип, өз Мекениңизге пайда алып келгиңиз келеби?

Сиз учурда мамлекеттик кызматта иштеп, мыйзамда каралган аттестациядан өткүңүз келеби?

Сиз Кыргызстанда түзүлгөн мамлекеттик кадр резервине кирип, өз Ата-Мекениңизге адал эмгек кылгыңыз келеби?

Анда, сиз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына келип, биздин 32 саатык (4 күндүк) тренинг-семинардан өтүшүңүз зарыл.

Тренинг-семинар 2 бөлүктөн турат.

  • Тийиштүү 12 мыйзамды интерактивдик режимде окуу жана өздөштүрүү;
  • Чыныгы мамлекеттик тесттерге жакындатылган “Пробный” компьютердик тестен өтүү.

Кызыксаң, бизге тез арада кайрыл!

Ата-Мекениңе пайдалуу бол!

Тренингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тастыкталган расмий сертификаты берилет.

Байланыш үчүн телефон: (0557) 233-263 Абдыраманова Чолпон Шабданбаевна, администрлөөнүн жана башкаруунун жогорку курстарынын директору; 0312 62 31 41; (0995) 974-767; (0708) 818-316 (WhatsApp) Сатыбалдиева Кенжегүл, администрлөөнүн жана башкаруунун жогорку курстарынын эксперти.

Тренингдин аталышы: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ченемдик укуктук актыларын жөнгө салуу боюнча 32 саатык (4 күндүк) окуу курсу.

Тренингди АГУПКРдин жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери өткөрөт.