КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Борбордук Азия изилдөөлөр коомунун жылдык конференциясы

09.11.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын аспиранты Казылаева Кайыргүл, 4-курстун студенттери Мусахожаева Жаннет жана Миррадова Айдай экономика илимдеринин доктору, профессор Токтобекова Майрамкул Акматбековнанын илимий жетекчилиги менен Борбордук Азия изилдөөлөр коомунун жылдык конференциясына катышышты.

Конференция 2000-жылдан бери Түндүк Американын университеттеринде өткөрүлүп келет, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 70ке чейин топтор жана 300гө жакын катышуучулар катышууда. Бул жылы конференция Питтсбург университетинде, Пенсильвания штатында өттү.