КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны

03.11.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору жана профессррдук-окутуучулук курамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын болгон калктуу конуштарынын тизмесин инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышышты.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз фракциясынын депутаттары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү кирди.

Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин тактоо, калктуу конуштардын аталыштарын тактоо, ошондой эле калктын саны боюнча маалыматтарды тактоо маселелери каралды.

Ошону менен бирге райондун жана облустун борборлорунан алыскы жана барууга кыйын болгон калктуу конуштарга чейинки аралыкты белгилөө иштери боюнча маалымат берилди.

Илимий изилдөөлөрдүн негизинде эл аралык сунуштарды жетекчиликке алып, бийик тоолуу калктуу конуштарга деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан калктуу конуштарды гана киргизүү сунушу талкууланды.

Бүгүнкү күндө республиканын бийик тоолуу калктуу конуштарынын бекитилген тизмесине кирген калктуу конуштардын 30%ы деңиз деңгээлинен 2000 метрден төмөн бийиктикте жайгашкан. Ошол эле учурда бул тизмеге кирбей калган бийик тоолуу аймактар ​​да бар.

Жогоруда көрсөтүлгөн калктуу конуштардын тизмесин инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 1990-жылдары бекитилген тизмелерге тактоо жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылат.