КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Cоциалдык-тарбиялык иш

КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын

Cоциалдык-тарбиялык иши

Окуудан тышкаркы тарбиялык иштер окуучулардын кесиптик компетенциясын жана жарандык, жалпы маданияттык сапаттарын түзүүдөгү негизги фактор болуп саналат.

КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын билим берүү жана тарбия тутуму заманбап коомду орнотууга жана модернизациялоого олуттуу салымын кошууга даяр студенттин өздүгүн түзүүгө, рухий жана моралдык тарбияны, патриоттук тарбияны түзүүгө багытталган.

Коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн Академияда тарбиялык иштерди камтыган жана уюштурган формаларды, ыкмаларды, принциптерди андан ары ишке ашырууга багытталган студенттердин коомдук саясий жана социалдык активдүүлүгүн өбөлгөлөө жана студенттик өз алдынча башкарууну илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө негизделген жаштар саясаты тарабынан ишке ашырылат.

 Тарбиялоо иштеринин негизги багыты конкреттүү программаларда, Студенттик бирликтин ишмердигинин пландарында (Студенттик бирликтин планы) жана түзүмдүк бөлүмдөрдө чагылдырылган. Студенттер студенттик өз алдынча башкарууда лидердик сапаттарын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларга активдүү катышат.

Ай сайын ЖОЖдун ректору А.А. Акматалиев биринчи курстун студенттери жана студенттик активдер менен жолугушууларды  өткөрөт. Бул жолугушуулардын натыйжаларында бардык түзүмдүк бөлүмдөр студенттик активдер тарабынан киргизилген сунуштарды ишке ашырат, студенттердин сунуштарын эске алуу менен ушул бөлүмдөрдүн иштери өркүндөйт, студенттер жана студенттик активдер жөнүндө активдүү кайтарым байланыш түзүлөт.

2021-2022-окуу жылынан баштап ректордун демилгеси менен биринчи курстун студенттери менен куратордук иштер күчүнө кирди жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен бирге Академиянын эки адамынан турган менеджерлер активдүү куратордук ишти жүргүзүшөт:

2021-2022-окуу жылындагы Академиянын кураторлорунун тизмеси

Тарбия ишинин тутумун жетектейт: окуудан тышкары жана тарбия иштери боюнча координатор, тайпалардын кураторлору.

Ушул тутумдун алкагында Академиянын Студенттик бирлиги, укук бузууларды жана коррупциялык көрүнүштөрдү жана башкаларды алдын алуу боюнча комиссиясы иш алпарат.

Кураторлор студенттик топтордун жашоо тиричилигин жөнгө салат, окуучулардын устаты болуп саналат.

Комплекстүү тарбиялык иштер окуу тайпалардын кураторлорунун ишмердигин координациялоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Кураторлордо ар бир студент жөнүндө толук маалыматтар бар. Ар бир окуу жылынын башында окуу бөлүмдөрүндө тайпалардын старосталары жана алардын орун басарлары шайланат.

Студенттик бирлик иштердин төмөнкүдөй багыттарын жүзөгө ашырат: таланттуу жаштарды колдоо, студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу, кайрымдуулук, волонтердук иштер, сергек жашоо образынын жайылтуу, студенттердин маданият алмашуусу, эл аралык, региондор аралык жана ЖОЖдор аралык кызматташтык.

КРПМБАнын студенттеринин (2018-жылы) 150 адамдан ашыгы III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышкан (ДКО).

Студенттик бирликтин төрагасы Дастан Сомташов жана Туратбекова Каныкей бешинчи Азиялык студенттик форумга катышкан.

Музейлерге, көргөзмөлөргө баруу биздин кураторлордун пландаштырылган иш-чараларынын бирине кирет. https://www.facebook.com/elarapova/posts/10160425953597908

Графикке ылайык Академиянын аймагында, Панфилов атындагы паркта, Ала-Арча улуттук паркында ишембилик иштери уюштурулуп жана өткөрүлүп турат.

ПОКнын окуу-педагогикалык ишин уюштурууга баллдык рейтингдик тутумун киргизүү - окуу-тарбия процесстерин активдештирүүгө мүмкүндүк берет.

Студенттердин чыгармачылык потенциалын ачуунун натыйжалуу формасы болуп маданий-массалык иштер саналат.  Ар жыл сайын Академияда Ч.Т. Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлүп турат.

Волонтердук клубу Кыргызстандын тарыхый маданий мурастарын коргоо ишине кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Ыктыярчылар Беловодское жана Токмоктогу балдар үйү, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы карылар үйү сыяктуу мекемелерге социалдык жактан өз ара аракеттенишет.

КРПМБАнын ректору А.А. Акматалиевдин демилгеси менен Академиянын Студенттик бирлигинин волонтердук сектору менен биргеликте “Жакшылык жаса” кайрымдуулук акциясын ар жыл сайын өткөрүшөт2021-жылы КРПМБА катаал турмуштук абалда турган аз камсыз болгон үч үй-бүлөнү камкордукка алган  https://www.facebook.com/elarapova/posts/10160477703992908

Тарбиялык иштердин жүрүшүндө студенттерди жана ПОКту илимий-техникалык конференцияларга, руханий-моралдык жана патриоттуулук иш-чараларга, жаштар долбоорлоруна жана жарманке көргөзмөлөрүнө жана башкаларга тартуу өзгөчө ролду ойнойт.

Академиянын студенттери ЖОЖдор аралык иш-чараларга активдүү катышат. “Туруктуу өнүгүү: адам, табият, мамлекет” аталышындагы онлайн форматта өткөн эл аралык Россиялык-белорусиялык студентти тегерек столго студенттердин активдүү катышкандыгын белгилей кетким келет. https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=628344828346565&id=100035131593383

Академиянын жетекчилиги менен биргеликте сергек жашоо образын жайылтуу, баңгиликтин коркунучу, кургак учук, СПИД, ичимдик ичүү ж.б. жөнүндө лекциялар өткөрүлүп турат. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бирге ковидге каршы вакцинациялоо боюнча лекциялар да өткөрүлөт.

Академияда коррупцияга каршы күрөшүү максатында антикоррупциялык комиссия иш алып барат. Коррупцияны алдын алуу боюнча ар түрдүү акциялар уюштурулат: “Биргеликте коррупцияга каршы күрөшөбүз” темасында маалыматтык дубал түзүлгөн, “Коррупцияга каршы күрөшүү” темасында акция жана анкеталоо флеш-мобу өткөрүлгөн, ошондой эле “Ишеним телефондору” бар. Мындай иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө укук коргоо органдары, ЭККМК, Прокуратуранын жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү да катышат.

2021-жылы Студенттик бирликтин жана Академиянын активдеринин отурумунда Академиянын студентинин этикасынын кодекси кабыл алынган жана бекитилген.

Академияда дебаттык клуб бар. КРПМБАнын студенттеринин командасы Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата “Шайлоо укуктарын өркүндөтүү” темасындагы дебатта биринчи орунга ээ болушкан.

https://shailoo.gov.kg/ru/news/5869/

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=630911001423281&id=100035131593383

КРПМБА КР Улуттук борбору менен биргеликте кыйноолорду алдын алуу боюнча 2021-жылдын 9-январында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнүнө карата “Кыйноодон эркин болуу укугу” темасында ЖОЖдор аралык дебатын өткөргөн.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Кесиптик колледжинин жана Евразия университетинин командалары катышкан.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=640423293805385&id=100035131593383

Өзгөчө артыкчылыктуу маселелердин бири болуп, студенттик чөйрөдөгү улуттар арасындагы ынтымакты сактоо, окуучулардын көп улуттуу жана ар башка диндеги эктремизмдин жана терроризмдин пайда болууларын алдын алуу болуп саналат. Алдын алуу максаттарында Академияда Прокуратуранын, КР КМДБ жана КР ИИМ өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Жаштар арасында укуктук билимди жайылтуу жана экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, коррупцияга, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, коомдук жайларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери каралууда.

Студенттердин ар кандай коомдук маанилүү, маданий жана спорттук Академиялык, шаардык жана республикалык иш-чараларга катышуусу – студенттер жана жаштар арасындагы өз ара түшүнүктөрдү жана кызматташтыкты бекемдөөдө неизги фактор болуп саналат. Ушул максатта Ата Мекенди коргоо күнү, 8-март Эл аралык аялдар күнү, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү ж.б. сыяктуу иш-чаралар өткөрүлөт, Кыргызстандын тарыхынын маанилүү окуяларына арналган илимий-практикалык конференциялар уюштурулат. Университет “Георгиялык лента”, “Өлбөс полк” сыяктуу ж.б. акцияларга активдүү катышып турат.

Академиянын маданий жашоосун көрсөтүү борбору болуп Чоң акт залы саналат. ЧАЗнын сахнасында Кыргыз Республикасынын алдыңкы мамлекеттик жана саясий ишмерлери сөздөрүн сүйлөйт, конок лекциялары жана кечелери, КВН командаларынын оюндары, жыл сайын өткөрүлүүчү “Билим күнү”, “Студенттикке өткөрүү”, “Студенттик жаз” кечелери өткөрүлөт. Чоң популярдуулук менен “Өмүр өтөт ыр менен” аттуу КРПМБАнын гала концерти өткөрүлөт.

https://www.facebook.com/profile.php?id=100035131593383

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=615502906297424&id=100035131593383

 Студенттер арасында алардын жеке сапаттарын, нравалык этикалык көз караштарын, руханий кызыкчылыктарын жана ашыгууларын үйрөнүү боюнча жергиликтүү социалдык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

 Академиянын студенттери – республикалык, шаардык конкурстардын туруктуу катышуучулары жана жеңүүчүлөрү.

Шакирова Алтынай Мирлановна, Академиянын 3-курсунун, «Экономика» багыты боюнча, «Финансы жана кредит» профилинин,   ФКдот-1-20-тайпасынын студенти,
2019-2020-окуу жылында Студенттик бирликтин төрагасы 2021-жылы Президенттик стипендия менен сыйланган.

http://www.president.kg/.../21486_prezident_sadir...

Академиянын студенттери Кыргыз Республикасынын экономикасын жана каржысын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн  көптөгөн мамлекеттик органдар, ЖӨБӨ тарабынан, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан ыраазычылык каттары менен сыйланган. https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=660960775084970&id=100035131593383

Академиянын студенттеринин арасында мотивациялоо тутуму менен жана атаандаштык күч менен туураланган жана КРПМБАнын коомдук жашоосуна активдүү салымын кошкондугу үчүн мыкты студенттер Академиянын жетекчилиги тарабынан грамоталар жана дипломдор менен сыйланып турат.

https://www.facebook.com/profile.php?id=100035131593383

Академиянын Профкому менен бирге жыл сайын төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлүп турат: "Карылардын эл аралык күнү", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү" "Жеңиш күнү", "Балдарды коргоонун эл аралык күнү".

Ошентип, тизмеси мезгилдин талабына жана студенттик жаштардын суроо-талаптарына ылайык өзгөртүлүп жаткан бүтүндөй иш-чаралардын комплексин камтыган Академиянын тарбиялык ишинин тутуму КРПМБАнын бүтүрүүчүсүнүн гармониялуу өнүккөн инсандыгынын калыптанышына өбөлгө түзөт.