THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Жусуп Абдрахманов атындагы КРПМБАда "КРПМБАнын ардактуу профессору" дипломун тапшыруу аземи болуп өттү

15.02.2022

2022-жылдын 14- февралында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында "КРПМБАнын ардактуу профессору" дипломун тапшыруу аземи болуп өттү.

"КРПМБАнын ардактуу профессору" наамы экономика илимдеринин доктору Абдынасыров Уран Тойбаевичке илимий-методикалык иштерди өнүктүрүүгө академиянын бакалавр магистратура жана аспирантура программаларына прогрессивдүү билим берүү методдорун киргизүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.