THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРПМБА жана ФХЗ 2021-2022 окуу жылына кабыл алынган абитуриенттер менен жолугушуу болуп өттү

09.02.2021

2021 - жылдын 9 – февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багытынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана "Менеджмент" профилдерине 2021-2022 окуу жылына кабыл алынган абитуриенттер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев А.А., жана Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор М.Г. Майер 2021-2022 окуу жылына кабыл алынган магистранттар менен жакындан таанышуу менен бирге куттуктоо создорун сүйлөштү, ошону менен бирге академиянын окуу жана окутуу процесстери боюнча кенен маалыматтарды беришти.