THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын акимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу аяктады

27.04.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 23-апрелде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын экинчи тобу үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу соңуна чыкты.

Программанын жыйынтыктоочу күнүндө төмөнкү темалар каралды:

  • Жергиликтүү коомчулуктардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук уюмдар жөнүндө маалымат берүү («Аксакалдар соттору жөнүндө», «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө») (лектор: Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча Агенттигинин бөлүм башчысы Саадат Туйгунова);
  • Тайм-менеджмент жана анын жетекчинин ишмердүүлүгүндөгү ролу (лектор: социология илимдеринин кандидаты, КРПМБАнын доценти Майрам Окенаева);
  • Жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги долбоордук мамиле (лектор: КРПМБАнын МБӨИнун башкы адиси Бактыбек Шамкеев);

Стрессти башкаруу: психодрамалык мамиле (лектор: Кыргыз психодрама ассоциациясынын директору Зульфия Искандер).

Окуунун жыйынтыгы боюнча тренингдин катышуучулары Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча Агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиевага, КРПМБАнын ректору Айгюль Калчакеевага, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча биринчи проректор Урмат Айтбаевге өздөрүн кызыктырган суроолорун бере алышты. Атап айтканда, акимдер квалификацияны жогорулатуу курсунун актуалдуулугун жана өз убагында өткөрүлгөнүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Алар тренингдердин бай программасы кесиптик компетенцияларын гана эмес, жер-жерлерде коюлган тапшырмаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башкаруучулук көндүмдөрүн бекемдөөгө жардам бергенин баса белгилешти.

Мындан тышкары, угуучулар мындай квалификацияны жогорулатуу программалары КР менен эле чектелбестен, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышуу үчүн чет өлкөлөргө чыгуу жактары каралса деген каалоолорун билдиришти. Ошондой эле КРПМБА акимдердин ишинде колдонуу үчүн аналитикалык материалдарды берүүдө көмөк көрсөтүүсүн суранышты.

36 академиялык саатты камтыган курс КРнын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын окуудан өткөн жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем менен аяктады, алардын ичинде:

Баткенская область

1.

Жеңишбек Асылбек

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

2.

Баяке уулу Болоткан

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

Жалал-Абадская область

1.

Эшмукамбет уулу Нурлан

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

2.

Бектуров Алтынбек Жунусович

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

3.

Саргазаков Максатбек Таштанбекович

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

4.

Абыкеев Темирболот Асаналиевич

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

5.

Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

6.

Тюкебаев Акылбек Алиякунович

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

7.

Ишенбеков Таалай Ишенбекович

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

8.

Кулубаев Дамир Садырбекович

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

Ошская область

1.

Сапаров Адыл Солтоевич

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

2.

Шамырканов Мирбек Турдубекович

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

3.

Бапаев Чынгыз Арстанбекович

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

4.

Шейшеканов Данияр Турдубекович

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)

5.

Сыдыков Замирбек Бейшенович

Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким)