THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Баткен облусундагы «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстары

02.03.2026

Мамлекеттик заказдын алкагында 2026 жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу курстарын өткөрүүгө бекитилген план-графикке ылайык «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстары киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын уюштуруусунда Баткен облусунда өткөрүлүүчү «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстарын Академиянын окутуучусу, мамлекеттик башкаруу жана саясий илимдеринин Ph.D доктору, доценттин милдетин аткаруучусу Райымбеков Багышбек Жакыпбекович 2026-жылдын 23-февралдан 26-февралына чейин КУУнун Баткен кампусунда төмөнкү темалардын негизинде өткөрүп келди:

  • Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери;
  • аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү көп деңгээлдүү жана мейкиндиктик пландаштыруу механизмдери;
  • финансылык инструменттерди колдонуу: максаттуу трансферттер, субсидиялар жана коомдук демилгелерди колдоо;
  • муниципалдык менчикти башкаруу жана пайдалануунун заманбап ыкмалары;
  • жергиликтүү деңгээлде инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду башкаруу;
  • лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана команданы натыйжалуу башкаруу;
  • жарандардын кайрылуулары, коомдук демилгелер жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
  • жер мамилелерин жөнгө салуудагы мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын компетенциялары;
  • муниципалдык мүлктү приватизациялоо ыкмаларын колдонуу тартиби;
  • санариптик сабаттуулук: электрондук башкаруу системасы жана санариптик кызмат көрсөтүүлөр;
  • жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери.