THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөр ачылууда

18.06.2025

2025-жылдын 16-июнунда КРПМБАда «КРПМБАнын санариптик билим берүү платформасынын презентациясы» аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарада КРПМБАнын санариптик билим берүү платформасынын презентациясы өткөрүлдү. Иш-чараны ачып берүү сөзү менен Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Калчакеева Айгюль Муратовна, КРнын БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Анара Айткурманова, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун долбоор ассистенти Искандарова Зуура Самандаровна жана философия илимдеринин кандидаты, КРПМБА нын профессору, КРПМБА нын тарбия иштери боюнча координатору Арапова Эльмира Байышевна сүйлөдү.

Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, КРМБАнын окутуучулары жана магистранттары, жарандык коом уюмдары жана башка кызыкдар тараптар болду.

«КРПМБАнын санариптик билим берүү платформасы үчүн контентти иштеп чыгуу» долбоору тууралуу долбоордун жетекчиси Арапова Эльмира Байышевна презентация жасады.

Платформанын администратору Бектенова Жибек бул онлайн окутуу үчүн Moodle негизинде түзүлгөн санариптик платформанын түзүлүшү тууралуу айтып берди.

БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары – башкаруу, мониторинг жана өлкөлүк жана жергиликтүү деңгээлде локализациялоо тууралуу КР нын БУУнун Аялдар түзүмүнүн программалык жетекчиси Анара Айткурманова маалымат берди.

Бул https://agupr.kg/ санариптик платформа Кыргыз Республикасындагы КРнын БУУнун Аялдар түзүмүнүн жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл арадык фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасында аялдар лидерлигин колдоо боюнча 2030-жылга чейинки мамлекеттик программа жана анын 2024–2027-жылдарга карата иш-аракеттер планынын алкагында түзүлдү.