АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

ПРЕСС-РЕЛИЗ

20.04.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы 2026 - жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказдын алкагында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын акыркы күнү программага ылайык башталып курстардын жүрүшүндө:

  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын тарых илимдеринин доктору А. Б. Болпонова - “Жусуп Абдрахманов: Саясий лидерлик жана коомго кызмат кылуу”;
  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын социология илимдеринин кандидаты М. Ж. Окенаева - “Тайм-менеджмент жана анын жетекчисинин ишиндеги ролу”;
  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын экономика илимдеринин кандидаты, доцент А. П. Дооранов - “Жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги долбоордук мамиле”;
  • Кыргыз психодрама ассоциациясынын директору Зульфия Искандер - “Стрессти башкаруу: психодрамалык мамиле” аттуу темаларда баяндамалар жасалып жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен биргеликте кызыктуу талкуулар жаралды.

Программадан сырткары кошумча суроолор боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардан чакыртылган өкүлдөр: КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин департаменттеринин орун басарлары Д.Т. Ураанов, Ч.Ж. Аманов жана Жарандык курулуш департаментинин башкы инженери Н.С. Эшенбаев; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бөлүм башчысы Ч.М. Жолдошов; КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын аймактык долбоорлорду координациялоо жана таяныч шаарларды өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси А.К.Табылдиева; КР Өзгөчө кырдаалдар Токой чарба кызматынан М.Табалдиев жетекчилердин суроолоруна толук кандуу жооп беришип жаралган маселелер боюнча маалымат ала алышты.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Э.Н. Джантаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.М. Калчакеева жыйынтыктоо сөзүндө жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдер үчүн курстун жүрүшүндөгү практикалык көндүмдөрдүн арсеналы жетекчилерге райондорду комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга жардам берерин жана Академия мындай деңгээлдеги жетекчилерди окутуу аянты болгону менен сыймыктанарын, ошондой эле региондор арасында баалуу тажрыйба алмашуу аянты болгондугун айтып өттү. Ректор сөзүнүн аягында жетекчилерге түгөнгүс күч-кубат, кеңири көз караш жана белгиленген пландарды ишке ашырууда бекем болууну, жетекчилердин ар бир башкаруу кадамдары өлкөнүн чыныгы гүлдөшүнө жана экономикалык өсүшүнө алып келээрин өз каалоосунда айтып өттү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары ийгиликтүү аяктап, төмөнкү жетекчилерге сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

 Нарын облусу

Камчыбеков Мирлан Мамырбековичке

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Досалиев Баялы Атамырзаевичке

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Каримов Залкарбек Абдурасуловичке

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Шербаев Мухтар Нурмаматовичке

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Ысык-Көл облусу

Калдаралиев Канатбек Айдарбековичке

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Бахавадинов Эрмек Ибрагимовичке

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Ормонов Жапарбек Туратовичке

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Осмонов Бактыбек Арапбаевичке

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Мадяров Тимур Мысыровичке

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Талас облусу

Тыныбек уулу Зарылбекке

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевичке

Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Умаров Нурланбек Эшматовичке

Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Чүй облусу

Айтиев Урмат Эркинбековичке

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Бурканов Имамназар Апызовичке

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Ташкулов Илияз Акжигитовичке

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Тутуев Канболот Мусаевичке

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Масаидов Бекмаат Юлдашовичке

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Ташбаев Илияз Азизбековичке

Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Аталган курс Мамлекеттик заказдын алкагында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы табарынан уюштурулуп 2026 - жылдын 13 - апрелинен 16 - апрелине чейин өткөрүлдү.