АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Диплом тапшыруу аземи

14.03.2023

2023-жылдын 14- март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын  «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын  «Мамлекеттик башкаруу» профилинин  ГУ-1-21, ГУ-2-21, ГУ-3-21 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер, академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, ошондой эле э.и.д., профессор, «Мамлекеттик башкаруу жана укук” кафедрасынын  башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич, э.и.к. доцент, «Илим жана билим» департаментинин жетекчиси Исланова Рахат Усенбековна жана т.и.д.,  профессор, бакалавр  программасынын жетекчиси Болпонова Асыл Бакытбековна бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.