АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын өзгөчөлүктөрү” темасында конок лекциясы

13.03.2023

2023-жылдын  1-март күнү  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманова атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын доцентин милдетин аткаруучу Жолонбаева А.Ж. ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын өзгөчөлүктөрү” темасында конок лекциясын өткөрдү.

Лекцияга студенттерден тышкары факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты да катышты.

Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттин учурдагы социалдык-экономикалык саясатынын маселелери, макроэкономикалык туруктуулук, жакырчылык менен күрөшүү, көмүскө экономиканы кыскартуу, аймактарды экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.