АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик системасындагы дипломатиялык кызматтын орду» темадагы конок лекциясы болуп өттү

22.11.2022

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте уюштурулган Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Габриэла Геллилдин «Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик системасындагы дипломатиялык кызматтын орду» темадагы конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Зикрулло Махамат уулу алгач сөз сүйлөө менен бирге фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Лекциянын журушундо д-р Габриэла Геллил эл аралык системадагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү жана заманбап дипломатиянын трансформациясы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле студенттер менен дипломатиялык карьерасынын тажрыйбасы менен бөлүштү.