АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Академиянын 30 жылдыгын жана Ханнс Зайдель Фондунун 20 жылдыгын майрамдоонун расмий салтанаты

18.11.2022

2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте маанилүү күндөрдү: Академиянын 30 жылдыгы жана Фонддун 20 жылдыгын белгилешти:

Мааракенин расмий салтанаты Хаят мейманканасында өтүп, аны Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич ачты. Куттуктоо сөздөрү менен КР Башкы катчысы С.С. Касмамбетов, КР  ББИМ жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Б. Найманбаев, саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары –  изилдөө, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы А. Ж. Бешимов чыгып сүйлөштү, ал министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси А. Ү. Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди. Ханнс Зайдель Фондунун башкы катчысы Оливер Йорг Мырза, Фонддун башкы кеңсесинин Түндүк-Чыгыш жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Дебора Тидекс-Джоу айым, эксперттер, Германиядан, Түндүк Македониядан, Польшадан келген коноктор, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан Республикаларынын Мамлекеттик башкаруу академияларынын ректорлору, ошондой эле  аталган өлкөлөрдүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери иш-чарага куттуктоолор менен келишти. Мындан тышкары, КР ЖОЖдорунун ректорлору, академиянын окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана магистранттары салтанатка жигердүү катышышты.

Академия түзүлгөндөн бери чоң жолду ийгиликтүү басып өтүп, он миңдеген адистерди даярдап, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын ар кандай кызматтарында ийгиликтүү эмгектенип, жогорку кесипкөйлүктү жана карьералык өсүшкө жетишүүнү көрсөтүп, башкаруу кадрларын даярдоо боюнча флагмандык жогорку окуу жайга айланды.

 Бүгүнкү күндө академиянын алдында КР Жогорку кесиптик билим берүү системасында жаңы милдеттер турат, ал "Санариптик Академия" моделин активдүү жайылтууда, окуу процессинде прикладдык изилдөөлөрдү колдонот, илимий-маалыматтык жана эксперттик-аналитикалык иштерди жүргүзөт, дүйнөдө таанылган окумуштууларды тартат жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатат